Быйыл Кадыр түн болжол менен 31-майдан 1-июнга караган түнгө туура келет. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Эреже боюнча Кадыр түн орозонун 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнү өтөт. Быйыл бул убакыт 31-майдан 1-июнга караган маалга туура келет. Муфтияттан майдын аягында аталган дата тактала турганын кошумчалашты.
Эске сала кетсек, былтыр Кадыр түн 11-июндан 12-июнга караган түнгө туура келген.