Кара көлөчтү Мурашевге Токтогазиев бердирткенби?

247

Журналист Баяна Кулова  айыл чарба министрине талапкер Тилек Токтогазиевга каршы экенин билдирди. Анын айтымына караганда, жаш ишкер талапкердин ынандырган иши жок жана  программасы жок. Ошондой эле, ал мурунку айыл чарба министри Нурбек Мурашевге  берилген  “кара көлөч” атайын даярдалган сценарий экенин айтты.

“Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин колдобойм. Асмандагы айды кыялында алып бергендерге тойгон жоксуңарбы? Мен кыла алам эле дейт, фактысы так ынандырган программасы жок!! Кошуна өлкөлөргө кадыры канчалык бар ошончо өндүрүлгөн продукцияны саткыдай??? Же бир кыйраткан логистикалык жайларыбыз болсо экен. Кийин сатабыз деп мөмө жемишти киргизип койгудай. Өкмөттү тоготпогон коңшу өлкө ушул балакайды колдойбу ыя??? тоготобу кимиң кепил болосуң?? башка өлкөнүн баары биздин мөмө жемишке эле суусап туруптурбу иий ушул тилек алып келет деп….
Жаштар иштеп көрсүн дейсиңер да, иштеп көрүп проба жасай тургандай министрлик лаборотория ЭМЕС!!!
Министрликте не деген адистер олтурат колдоосу жок. Аларды неге колдобойсуңар. 7 жылдык иш тажырыйба өтттө аз! Айыл чарбаны сызга олтургузуп салбасын эмитен интрига менен келе жаткан жигит!!
Негизи, Айыл чарба министрлигинин айланасындагы акыркы окуяларда МАНДЕМ бар! Төмөндөгү окуялар жөн эле “совпадение” болуусу мүмкүн эмес:

1. Мурашевге “ЧЕРНЫЕ ГАЛОШИ” берилди;
2. Массалык маалымат каражаттардын айтымына караганда берген уюм “НАЦИОНАЛЬНЫЙ ДЕЛОВОЙ КЛУБ”;
3. Мен эч бир жерден андай уюмду таппай койдум, балким жаңылып жаткандырмын. Бирок, “БИШКЕКСКИЙ ДЕЛОВОЙ КЛУБ” деген уюм бар. Алардын коомдогу даражасы аброю бар, күмөнүм жок, өзүм да бир кездеги лидерлери менен тааныш болчумун. Дал ушу “БИШКЕКСКИЙ ДЕЛОВОЙ КЛУБ” дагы бир уюмдун негиздөөчүсү катары өзүн тааныштырып келет, ал уюм: “Национальный Альянс Бизнес-Ассоциаций”;
4. Дал ушул себептен улам жанагы “БИШКЕКСКИЙ ДЕЛОВОЙ КЛУБ” “НАЦИОНАЛЬНЫЙ ДЕЛОВОЙ КЛУБ” болуп массалык маалымат каражаттарында аталып кетти окшойт. (2-пункту кара).
5. Эми эң негизгиси, “БИШКЕКСКИЙ ДЕЛОВОЙ КЛУБДУН” мүчөлөрүнүн бири Тилек Токтогазиев, жанагы өзүн министр ордуна түртүп жаткан иним.

Ошондо “ЧЕРНЫЕ ГАЛОШИНИН” негизги максаты Тилек инимди министр кылышпы? Министр кетээри менен ойлонбой өзүн көрсөтүп атканында бир балее бар!! Бул ПЛАНДАЛГАН ЭЛЕ ИШ!! Эгер бул чын болсо балакай алыс ойносун!! Министрлик теплица менен эле чектелбейт!!! Арам идеяны ким ойлоп тапса да куруп кетсинчи!!

Тилектин шыпааналары бар чыгар айтып койгула, сен жашабай жатып мамлекеттик ишке арам жол менен келсең, сага да уюштуруп иттей кубалап чыгышат!!!
Мухаммедкалый Дүйшекеевич колдобоңуз бул талапкерди!! балким жакшы ишкер чыгаар, бирок жакшы министр боло албайт!! Эл сизди тытат, сиздин өкмөт деп сындайт өздөрү колдогон менен иши жок!! Ансыз да илинип араң турганыңызда сизге ушул баш оору керекпи??
Алтын аке, ойлонуңуз дагы бир жолу!! суранам сизден!”-деп билдирген Кулова.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь