Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн саат 05:47де Ош облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматтарга караганда, жер титирөө Ноокат районунун Жаңы-Ноокат, Ноокат, Борбаш, Кара-Таш айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.