Мексиканын айлана чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстары министри Хосефа Гонсалес Бланко айым өзү кечигип, учак каттамын да кечиктиргени үчүн кызматынан кетти.
“Мен кызматтан кетүү тууралуу президентке арыз жаздым”, — деп твиттер баракчасына билдирүү калтырган.
Маалыматка ылайык, Хосефа Гонсалес Бланко түшкөн Aeromexico авиакомпаниясынын коммерциялык учагы баш калаадан Мехикали шаарына 40 мүнөткө кечигип учкан.
Экс-министр мындайда эч кимдин артыкчылыгы болбошу керектиги, көпчүлүктүн кызыкчылыгы баарынан бийик болушу маанилүү, дегендей билдирүүлөрдү калтырган. Өлкөнүн президенти анын арызын канааттандырганы кабарланат.