Тынч океанда Япониянын жүк ташуучу 2 кемеси кагылышып кетти. Бул тууралуу айрым маалымт булактар жазып чыкты.
Маалыматта айтылгандай, кырсыктын кесепетинен 4 адам дайынсыз жоголуп, кемелердин бири сууга чөгүп кеткен. Анда ичинде 5 адам болгон.
Окуя Инубосаки шаарынан 12 км узактыкта, 26-майга карган түнү жергиликтүү саат боюнча 02:00 чамасында орун алган. Ага коюу туман себеп болгону айтылууда.