АДИЛЬ ТУРДУКУЛОВ: Алга Кылычов камалыш керек!

408

КСДПдагы кыйсыпыр азыркы күнгө чейин уланууда. Буга чейин партия экиге бөлүнүп Атамбаевсиз КСДП жана жаңырган КСДП болуп эки партия түзүлгөн. Жаңы КСДП партиясына саясий кеңеши бир катар жаңы жүздөр менен толукталган. Арасында жарандык актвист Адиль Турдукулов дагы бар. Бирок бул партиянын ичинен да ич ара келишпестик орун алды. Алсак Адиль Турдукулов өзүнүн фейсбук баракчасына “Мусакеевге караганда, Алга Кылычов камалыш керек эле, аттин.” деп жазган . Өз кезинде саясий кеңештин дагы бир мүчөсү Алга кылычов да жооп берип: “Адиль Турдукуловго ыйман анан акыл тилейм, ал көп адашат…” – Адиль Турдукуловдо көп ийгиликтер болсун, үй-бүлөсү менен дайым аман болсун, жамандыктан Кудай өзү сактасын. Жараткан Адиль инимге ыйман бере көрсүн! Бул иним абдан көп адашат, туура эмес ойлонуп-сүйлөп койчу жерлери бар! Мен аны өзүнө ачык айтам, бирок жараткандан ага ыйман жана акыл тилейм..” – деп жазган . Экөөнүн кайым айтышын айрымдары түшүнбөй , айрымдары саясий саткындык катары сыпатоодо.

Эскерте кетсек Алга Кылычов дагы экс президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы. Мурдагы “Дан” ЖЧКсынын  директору.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь