Бала багуучу буламыкка туз кошуп берип, баланы өлтүрдү

155
Бала багуучу атайылап туздуу буламык берип, 2 жашар баланы өлтүрдү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматтарга караганда,  окуя Орусиянын Архангельск облусунда болгон. Кыз бул кылыгын баланы жаман көрүп калгандыгы менен түшүндүргөн. Ал өзү  багып жаткан баланы көп жолу кур менен сабаган. Бирок, жек көрүүсү ушунчалык болгондуктан  баланы туздуу буламык менен тойгуза баштаган.

Бала багуучу баланы 2018-жылдын март айынан бери карап келген. Жай айларынан баштап гана кыз  буламыкка тузду көп кошо баштаган жана балага күч менен жедирип келген. Мындан улам бала ооруканага  түшуп, жыйынтыгында өлүп калган.

Учурда 25 жаштагы кыз күнөөсүн моюнга алып, балага болгон жек көрүүсү башынан эле болгонун билдирген. Ага карата тиешелүү органдар тарабынан кылмыш иши козголуп,  14  жылга эркинен ажыратты.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь