Бишкек шаарында эгиз балдардын жана алардын апаларынын катышуусунда фестиваль өтөт. Иш-чара Октябрь райондук мамлекеттик администрациясынын колдоосу менен уюштурулуп жатат.
Фестиваль 21-июнда саат 17:00дө башталып, эгиз балалуу апалар 12 жашка чейинки балдары менен катышат. Уюштуруучулардын айтымында, мындай фестиваль өлкөдө биринчи жолу уюштурулуп жатат. Ал эми демилгечилер эгиз жана 3 эм балалуу апалар.