Жаш ишкер Тилек Токтогазиев премьер-министрдин көрсөтмөсү менен Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине барса да, министрдин орун басары кабыл албай, коридордо күттүрүп койгонун билдирди.
Анын айтымында, ал кезде өкмөттү азыркы президент Сооронбай Жээнбеков жетектеп турган.
Токтогазиев мындан сырткары, Ысык-Көлдө бир долбоорду ишке ашырууга келгенде да, Айыл чарба министрлигинин адистери телефонго жооп бербей койгонун айтты.
«Бут тосуулар болорун, чоң мафия бар экенин түшүнүп жатам. Алар тууралуу мамлекеттик мекемелерде иштеген досторум да айтууда. Эң негизгиси менде стратегия бар. Баарын бир-бирден жасайбыз», — дейт ал.
Эске салсак, Токтогазиев акыркы 7 жылдан бери айыл чарба тармагында иштеп келет. Ал аралыкта Айыл чарба министрлигине сунуштарын берген.
Бирок министрлик тараптан кызматташууга кызыкдарлар болбогону үчүн, өзүнүн программасын көрсөтүп, жоопкерчилик алып, идеяларын ишке ашыруу максатында.
28 жаштагы ишкер Тилек Токтогазиев Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына өзүнүн талапкерлигин сунуштаган.