Жээнбеков Абылгазиевге жолугуп эмне деди?

124

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин Төрагасы, Премьер-министр жана Жогорку соттун төрайымы менен жолугушту.  Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолугушуп, жолугушууда өлкөнүн күн тартибинде турган олуттуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлик бутактарынын жетекчилерине өлкө экономикасын өнүктүрүү, жарандардын бакубатчылыгын жогорулатуу боюнча стратегиялык милдеттерди ишке ашыруу боюнча биргелешип иштөөгө чакырды. Президент актуалдуу маселелердин бири катары сот-укуктук реформаны жүргүзүүнү атады.Андан сыркары өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын алкагындагы милдеттерди, анын ичинде аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү программаларын ийгиликтүү ишке ашыруу зарылдыгын өзгөчө баса белгилеп, экономика, сот-укуктук чөйрөлөрүндө, шайлоо системасындагы реформаларга тийиштүү мыйзам долбоорлорун дыкат кароонун жана кабыл алуунун маанилүү экенин белгиледи.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь