Канайым Бактыгулова КРнын Монголиядагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргызстандын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Канайым Бактыгулова Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарындагы резиденциясы менен эки ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Монголиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган.