— Тыңшоочу аппарат атайын кылмыштын алкагында, оперативдик иш-чаралар көрүлүп жатканда, соттун санкциясы менен коюлат. Алсак, кылмышкерди тактоодо, тастыктоодо, күнөөсүн мойнуна алдыртууда ушул тактика колдонулат. УКМК тыңшоочу аппаратты ушундай негизде коюуга укугу бар.
— Жалпы ЖМКларда «Атамбаевдин иш бөлмөсүнөн тыңшоочу аппарат табылды» деген видео тарап жатат. Ушундай болушу мүмкүнбү? Далилдөөгө болобу? Сизди ынандыра алдыбы? Оюңуз кандай?
— Мен видеону да көрдүм, кабарлардын бардыгын окудум. Менин оюмча, УКМКнын такыр тиешеси жок. Себеби, бүгүнкү күндө Атамбаевдин жана анын тегерегиндеги адамдардын сүйлөшүп жаткан сөздөрүн тыңшап кереги жок. Анткени, алардын баары «соодасы бүткөн» саясатчылар. Аталган кызматтын мындан башка толтура иштери бар. Ошондуктан, мен муну жөн гана чагымчылык деп эсептейм. Болбогон жерден ойлонуп табылган иш-аракет.
— Балким, экс-президент бийликке карата негизги оппонент болуп чыга келгени үчүн УКМК тыңшоого алып жүрбөсүн?..
— Атамбаевдин үстүнөн козголгон иш жок. Ал жөнүндө террорист же экстремист деген кабарлар да жок. Ошондуктан, анын артынан аңдыганга эч бир себеп жок. Мен бул ишти башка нерселер менен байланыштыргым келип жатат. Учурда Батукаевдин иши чуулгандуу болуп, коомчулукта абдан чоң резонанс жаратып жатат. Ушул сыяктуу орчундуу окуялар Атамбаевдин учурунда аягына чыкпай жабылып, жашырылып, билинбей калган. Бүгүнкү күндө тергөө жүрүп, мурунку бийликтин башында жүргөндөрдүн түздөн-түз байланышы бар экени ачыкка чыгып жатат. Ошондуктан, Атамбаев жана анын тегерегинде жүргөн адамдар коомчулукту алагды кылып, көңүлдөрүн ушул сыяктуу башка нерселерге бургусу келип жатат. Мындан улам, алар элге жабырлануучу катары көрүнгүлөрү келип, ушул тактиканы тандап алышты деп ойлойм. Ошон үчүн буга көңүл буруунун да, ызы-чуу кылуунун да кажети жок.
БУЛАК: Марал