КСДПнын кайра каттоодон өткөрүү боюнча кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура Кыргызстан социал-демократтар партиясынын Юстиция министрлигинин базасында жетекчилигин өзгөртүү фактысы боюнча кылмыш ишин козголду.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин арызынын негизинде «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен тергөө жүрүп жатат.

Айта кетсек, арыз Юстиция министрлигине карата жазылган. Министрдин орун басары Башкы прокуратурага сурак үчүн чакырылды.

Эске салсак, Юстиция министрлиги КСДПнын юридикалык жактарынын электрондук маалыматтарын өзгөрткөн. Эми базада КСДПнын жетекчиси деп Сагынбек Абдрахманов көрсөтүлгөн.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь