Кыргызстандыктар жердин төрт баллдын тегерегинде термелгендигин сезди.
Кыргызстандын түштүгүндө төрт баллга жеткен жер титирөө болгонун Улуттук илимдер академиясынан кабарлашты. Жердин силкинүүсү 26-майдан 27-майга караган түнү саат 00:33тө катталган.
Термелүүнүн очогу Алай тоолорунун этектеринде, Нура айылынан түштүк-батышты көздөй 20 чакырым жерде катталган. Бул жер Кара-Киндик айылынан түштүк-чыгышты көздөй 25, Бор-Дөбө кыштагынан түндүк-чыгышты көздөй 35 чакырым, ал эми Ош шаарынан түштүк-чыгышты көздөй 134 чакырым аралыкта жайгашкан.
Кыргызстандын калктуу пункттарында жер титирөөнүн күчү Нура, Икизяк айылдарында — 3 баллды, Кара-Киндик, Бор-Дөбөдө — 2,5 баллды түзгөн.