“Кыял” ишканасында эми кыялдагыдай өзгөрүү болот! (ВИДЕО)

106

Мамлекеттик “Кыял” ишканасынын Кыргызстандагы кол өнөрчү ууз чеберчилердин башын бириктире турган бирден бир көзгө басар мекеме. Аталган ишканага жаңы келген жетекчиси мурдагы 5- чакырылыштын депутаты Данияр Тербишалиев Кыялга жетекчи болуп келгенине 10 күндүн жүзү болду. Ал алгач Элдик Медиага интервью берип, сазга батып калган ишкананы кайра түптөп жандандыруу оңой эмес экендигин айтып алдыдагы көптөгөн иш пландары менен бөлүштү. Негизги долбоорлордун бири болуп азыр ар ким каалагандай тигип жаткан кыргыз калпагы менен элечектин нукура үлгүсүн Кыялдын алдында ачылган музейге жайгаштырып, ошол үлгү менен чеберлерди тигүүгө үндөө. Учурда 4 кабаттан аккан суу биринчи кабатка жеткен Кыялдын абалы өтө кейиштуу экенин айткан жетекчиси Данияр Тербишалиев, мекеменин ичинде ижарага алып каалаган нерсесин сатып отургандарды чыгарып, толук кандуу кыргыз жыттанган кол өнөрчүлөрдүн ордосун түзсөм деп кыялданат.

https://youtu.be/p8BRpeisc2s

https://www.youtube.com/watch?v=p8BRpeisc2s

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь