Мурунку айыл чарба министри Аскар Жаныбеков пикирин билдирди

334

Мурунку айыл чарба министри Аскар Жаныбеков учурда аталган министрликке иш билги,  билимдүү жаштар келсин деген пикирин билдирген.

“Мамлекетибиздин айыл чарбасы бүгүн чечкиндүү өзгөрүүлөргө муктаж. Алсак,  коңшу өлкөлөдө айыл чарба продукцияларына биз бугүнкү шартта атаандаш болушубуз абдан кыйын болуп турат. Биздин республикада эскиче иштөө бул тармакты тунгуюкка алып барат. Ошондуктан  биринчи кадам бул өндүрүштү билген, кесипкөй, билимдүү жана өз ишин мыкты билген менеджерди тандашыбыз керек. Азыр биздин өлкө ушундай жаштарга муктаж болуп турабыз.  Мен татыктуу менеджерлик сапаттары аркылуу элге таанылган жаш кадырлардын Бакыт Мамыткановго ишенем. Мекендешибиз бүгүнкү күндүн талабы менен иш алып барат деген үмүттөмүн. Андыктан айыл чарба министрлигине татыктуу катары көрүп турам”-деп билдирген экс министр.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь