Норвегияда балыктар массалык түрдө кырылып жатат. ( ВИДЕО)

386

Норвегияда Гров жана Тромс деңизинде миллиондогон лосось балыктары өлүмгө дуушар болду. 10 тоннадан ашык балык кыргынга учурап лосось өндүргөн фермерлер миллиондогон еврого зыян тартышты. Тарткан чыгымдар болжолдуу болгондуктан, зыяндын эсеби мындан да жогору болушу күтүлүүдө. “Адаттагыдай балыктар жай сузүп, айланып жургөндүн ордуна ар тарапка качып күтүүсүз жерден эле сууга чөгүп башташты.Көз ачып жумганча болуп көрөгөндөй сандагы балык суу астында калды. Дароо чакырык салып, өзгөчө кырдаал планына өттүк деп, эскерет Northern Lights Salmon компаниясынын жетекчисинин бири Элизабет Балтескард Норвегиянын сууларын байырлаган балыктардын жашоосун фитопланктон талкалап жатат. Фитопланктон – жылуу аба ырайында жайлуу атмосферада өнүгүп турукташат. Балыр лосось балыгынын мойнуна оролуп дем алуусун токтотуп коёт. Учурда балык фермаларында тазалоо иштери аткарылууда. Ага карабастан балырлардын көбөйүүсү күч алды. Лососьтордун кыргынга учурашы балыкка болгон бааны жогорулатып жиберген.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь