Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев ден-соолугуна байланыштуу ооруканага түштү. Бул туурасында экс-министр маалымат булактарын өзү билдирген.
Белгилей кетсек, бүгүн Президент Сооронбай Жээнбеков Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевдин кызматтан кетүү боюнча арызын кабыл алган.
Эске салсак, өткөн жылы айдалган картөшкө сатылбай, ороолордо чирип кеткендиктен министрликтин ишине сын-доомат көп айтылды. Өкмөттүн соңку жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев дал ушул маселе боюнча Мурашевдин ишин сындаган.
А«Бир Бол» фракциясынын сунушу менен кызматка келген мурдагы айыл чарба министри Нурбек Мурашев 24-майда кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазган. Бул кызматка ал 2016-жылдын аягында дайындалган.