Президент С.Жээнбеков дагы эки министрди иштен бошотту

169

Бүгүн Президент Сооронбай Жээнбеков айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев менен экономика министри Олег Панкратовду кызматтарынан бошоткон эки Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма-сөз  кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, 24-май күнү Нурбек Мурашев менен Олег Панкратов кызматтан өз ыктыярлары менен кетүү боюнча премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин атына арыз жазып, себептерин түшүндүрүп беришкен.

Бир күндөн кийин эле “Бир Бол” фракциясы Мурашевдин ордуна 29 жаштагы фермер, ишкер Тилек Токтогазиевдин талапкерилигин сунуштады.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь