Президент Сооронбай Жээнбеков Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияга барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, өлкө башчысы борбор калаанын маданий объектилерине барууну улантууда. Филармониянын имаратындагы ремонт тууралуу Президентке маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жана филармониянын башкы директору Кыргызбай Осмонов айтып беришти. Айланасындагы территорияны жакшыртуу боюнча маалыматты Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов берди.
Алар айтышкандай, филармониянын имаратындагы ремонт толугу менен бүткөрүлдү, фойе жана сахна реставрацияланып, жарык жана үн берүү системалары, жылытуучу система, артисттердин грим бөлмөлөрү оңдоп-түзөлдү.
Министр Азамат Жаманкулов белгилегендей, учурда сметалык документация жыйынтыкталып, опера жана балет театры, кыргыз жана орус драма театрларынын ремонтуна тендер жарыяланган.
Жээнбеков имаратты карап чыккандан кийин борбор калаанын маданият объектилерине мамлекеттик деңгээлде өзгөчө көңүл бурулаарын белгиледи.
Ушул жылы А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры, Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театры ремонттолот.
Эске салсак, буга чейин ал Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына жана Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрына барган.