Экономика министри кызматына Санжар Муканбетовдунталапкерлиги каралат. Бул тууралуу бүгүн парламенттен билдиришти.
Муканбетов Санжар Турдукожоевич 1972-жылы 12-декабрда Бишкек шаарында төрөлгөн.
1994-жылы Кыргыз техникалык университетин бүтүргөн.
2003-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин экономист адистиги боюнча аяктаган.
1994-1995-жылдары “Жанар” акционердик коомунун инженери;
1995-1996-жылдары “ТНК Дастан” заводунун инженери;
1996-1998-жылдары Мамлекеттик мүлк фондунун алдындагы техникалык кызматташуу агенттигинде алдыңкы адис, биринчи категориядагы адиси;
1998-1999-жылдары Чет элдик инвестиция жана экономикалык өнүгүү мамлекеттик агенттигинин башкы адиси;
1999-2001-жылдары Чет элдик инвестиция жана экономикалык өнүгүү агенттигинде чет элдик жардамды координациялоо башкармалыгынын бөлүм башчысы, жетекчи орун басары;
2001-2002-жылдары Финансы министрлигинин мамлекеттик инвестицияны башкаруу программасынын жетекчи орун басары;
2002-2005-жылдары Финансы министрлигинин инвестициялык саясат департаментинин директору, мамлекеттик инвестиция башкармалыгынын башчысы;
2005-2007-жылдары Экономика жана финансы министрлигинин мамлекеттик инвестиция башкармалыгынын жетекчиси;
2007-2009-жылдары экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары;
2010-2014-жылдары экономика министринин орун басары;
2014-2018-жылдары финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы;
2018-жылдын январь айынан апрелге чейин вице-премьер-министр;
2018-жылдын май айынан тарта финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп келген.