25-майда Баткен районунан Кыргыз өлкөсүнүн аймагына кирүүгө аракет кылган эл аралык террористтик уюмдардын 2 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, кармалган жарандар буга чейин Сириядагы согуштук аракеттерге катышып келишкен.
“29 жаштагы Р.Б. 2015-жылы террористтик уюмдар аркылуу Сирияга жөнөтүлүп, 2017-жылы Интерпол тарабынан издөө салынган. 27 жаштагы Р.У. Сириянын өкмөтүнө каршы куралдуу кагылышууларга катышкан. Экөө тең эл аралык террористтик уюмдардын лагерлеринде атайын согуштук даярдыктан өтүшкөн.
Аталган факт сотко чейинки өндүрүшкө алынып, кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди.