Улан Саляновдун өлүмүнө шектүү дагы бир жаран кармалды

173

Улан Саляновдун өлүмүнө шектүү жаран Орусиядан Бишкектеги № 1 тергөө абагына алынып келинди. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Москвадагы № 4 тергөө изоляторунун федералдык кармоо мекемесинен атайын кайтаруу менен мурда оор кылмыш жасагандыгы үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Токмок шаарынын тургуну 1983-жылы туулган Абыкулов Асанэмир аттуу жаран алынып келинди. Ал оор кылмыш жасагандыгы жана алдамчылык иш-аракеттери үчүн издөөдө жүргөн.

Эске салсак, 2017-жылдын ноябрында түн ичинде азиат түспөлүндөгү 3 белгисиз адам Аламүдүн районуна караштуу Көк-Жар жаңы коңушунда жайгашкан үйгө кирип барышкан. Кол салгандар ок атуучу куралды колдонушуп, үй ээси Улан Саляновду атып, изин жашырышкан. Ал ошол жерден каза болгон.

Бул ишке тиешеси бар делинип Абыкулов Асанэмирдин Москвада кармалган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь