Учактан чуу чыгарган адам көз жумду

195

«Москва-Симферополь» каттамынын Red Wings авиакомпаниясынын жүргүнчүсү учакта чуу чыгарды. Мындан улам аба кемеси  Домодедово аэропортуна кайтууга аргасыз болгон. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Учактын ичиндеги эреже бузууларды күбөлөр баарын видеого тартып алышкан. Кадрлардан борт коштоочулар аны сооротуу аракетин кылышкан. Тасманын автору эркек киши алгач дос кызын чапканын, анан коңшусун бир нече жолу телефон менен башка чапкан.

Кыздардан бирөө хулиган өзүн жакшы алып жүрбөй, кыйкырганын айтты. «Учкучтар уктап жатат, учак кулап баратат!», «Эгерде жашагыңар келсе колуңарды көтөргүлө!», «Барыбыз өлөбүз!»,-деген.

Видеодо ачууланган жүргүнчүлөр «Парашют менен ыргытып салгылачы. «Эң жакшысы парашюту жок эле», «Жинди сымал кыйкырат», – деп нааразы болуп жатышат.

Домодедоводо медиктерге чыр чыгарып жатканы кабарланды. Бирок эркек тез жардамдын арабасында жүрөгү токтоп көз жумду.

Ал эми бул окуялардан кийин  полиция «Байкабастыктан өлтүрүп алуу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь