Финполиция Матраимовдун мүлкүн текшерүү аяктап калганын айтты

197

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерүү иштери аяктап калганын билдирди. Бирок, азырынча анын жыйынтыгы качан жарыяланары белгисиз.

Эске салсак, финполиция  Матраимовдун мүлкүн беш айдан бери текшерип жатат.

Ал эми 13-майда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов видеокайрылуу таратып, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин дооматтарына жооп кайтарган эле. Анда ал  өзүнө жетиштүү байлыгы бар экенин жана ал эч качан мыйзамсыз иштерге барбаганын  айткан.

Матраимов кызматтан 2017-жылдын 23-ноябрында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен бошотулган. Өкмөт бул чечимге «Матраимовдун иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет» деген жүйө келтирген. 2018-жылы апрелде Матраимов иштен негизсиз кеткенин айтып, өкмөттү сотко берген. Өткөн жылы 25-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту «Матраимов иштен мыйзамсыз алынган» деп тапкан. Кийин бул чечимди шаардык сот жана Жогорку сот да күчүндө калтырган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь