Ат-Башы районунун 45 жаштагы тургуну Света Мамбеталиева борбордогу мечиттин алдында кайырчылык кылып, балдарын багып келет.
С.Мамбеталиева Ат-Башы районуна караштуу Ак-Моюн айылында 1974-жылы туулган. Ата-энесинен эрте айрылып, өзү ооруп калган. Айылдын аба ырайы жакпай, 2012-жылы аргасыздан жер которгон. Ал учурда 4 баланын энеси.
«Биринчи жолдошум 2007-жылы оорунун айынан каза болду. Андан кийин турмушка чыгып, бирок ажырашып кеттим. 4 баланын энесимин. Балдарымдын эң кичүүсү 3 жашка чыкты. Ат-Башы районуна караштуу Ак-Моюн айылында турчумун. Азыр Бишкек шаарында батирде жашайм. Өзүмдүн үйүм жок, оор турмушта жашап келем. Жаш балдарым менен жумушка алышпайт.
2011-жылы башым ооруп, неврологияда 4 жолу дарыланып чыктым. 1994-жылы туулган улуу кызым дагы ооруйт. Андан кийин 1997-жылы туулган уулум бар. Андан деле жардам жок. Кийинкиси 9-класс, ал Ат-Башыда окуйт. Кичүүсү өзүм менен. Жардам бергендер деле жок, жөлөк пул, пенсия албайм. Мамлекеттен жардам көрө элекмин. Балама кийимдерди базардан, мечиттин жанынан аялдар беришет. Батирдин акчасын кайырчылыктан тапкан каражаттан төлөйм», – деди ал.
Света Мамбеталиевага жардам берем дегендер 0707 661 821 номуру аркылуу байланышса болот.