“Айыл чарба министрине талапкерлигин койгонТилек Токтогазиевдин мамлекеттик кызматта тажрыйбасы жок”. Премьер-министр Мухаммедкалый Аблыгазиев бүгүн, 28-майда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин отурумунда эмне үчүн айыл чарба министри кызматына Тилек Токтогазиевдин талапкерлиги кабыл алынбаганын айтып берди.

“Ооба бизге жаңы күч керек, бирок анын мамлекеттик кызматта эч кандай тажрыйбасы жок. Кечээ Токтогазиев менен биринчи вице-премьер Кубатбек Бороновжолукту, ал аны энергиясы көп экен деди. Бирок жаштыгына эле басым жасоо туура эмес, тажрыйба да керек”, – деди Абылгазиев.

Премьер-министр Токтогазиев күнөскана багыты боюнча адис катары жумушка чакырыла турганын кошумчалады.

Буга чейин депутат Алтынбек Сулайманов («Бир бол») тажрыйба керек экенин айтып, бирок жаш кадрларды тартуу керектигин белгилеген.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: