“Алатай” жаратылыш паркындагы фотокапканга жапайы жаныбарлар түшүп калган

273

Кыргызстанда өзгөчө коргоодогу аймактарда жапайы жаныбарлардын саны өскөнү байкалат. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги билдирет. Агенттиктен билдиришкендей, аны “Алатай” жаратылыш паркындагы фотокапканга түшүп калган жапайы жаныбарлардын сүрөттөрү далилдеп турат.

Белгилей кетсек, 6 фотокапкан март айында жапайы жаныбарларды байкоо жана эсебин алуу максатында орнотулган. Жакында эле “Алатай” жаратылыш паркынын аймагына дагы 6 фотокапкан орнотушкан.

“Алатай” жаратылыш паркынын аянты 56 миң 826 гектарды түзөт. Анын аймагында Кызыл китепке кирген жаныбарлар, канаттуулар байырлайт: ак илбирс, сүлөөсүн, чүткөр, суусар, тянь-шань аюусу, бүркүт, көк жору ж.б.

Ошондой эле өсүмдүктүн 260тан ашык түрү өсүп, анын 14үнүн дарылык касиети бар.

Учурда Кыргызстанда сейрек куштардын 400дөн ашык түрү бар. Алардын 57си Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь