Тышкы иштер министрлигинин Административдик иштер боюнча департаментинин директору болуп Алмазбек Эсеналиев дайындалды. Бул тууралуу  аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков ТИМдин борбордук аппаратынын жамаатына министрликтин Административдик иштер боюнча департаментинин жаңы  директору менен тааныштырды.

Белгилей кетсек, Алмазбек Эсеналиев 1997-жылдан бери дипломаттык кызматтарды аркалайт. Министрликтин борбордук аппаратында жана Кыргызстандын Украинадагы, Казакстандагы, Катардагы элчиликтеринде эмгектенген.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: