Атасы кызын бир жылдан бери издеп келет

206

1988-жылы туулган Жумабаева Венера Абдурашидовна изделүүдө.  Ал 2018-жылдын 13-май күнү саат 14:00 чамаларында Жалал-Абад областынын Сузак районунун Багыш айыл аймагына караштуу Октябрь айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Бул боюнча Сузак РИИБне кыздын атасы арыз менен кайрылган.

Белгилери: бою 160-165 см, ѳңү кара тору, дене түзүлүшү орто, чачы кара узун, кѳзү кара, кашы кара.

Кийген кийимдери: үстүндѳ кѳк түстѳгү спорттук куртка, кара түстѳгү свитер, кара түстѳгү спорттук шым, бутунда кызыл түстѳгү байпак, кѳк түстѳгү ботинка.

Жогорудагылардын негизинде дайынсыз жоголгон 21.09.1988-ж.т. Жумабаева Венера Абдурашидовнанын жүргѳн жери боюнча кандайдыр бир маалыматтар болсо, Сузак РИИБне же тѳмѳнкү телефондорго кабарлап коюунуздарды суранабыз.

Байланыш тел.: (03748) 5-02-09, 0777 80-65-68, 0550 31-31-22

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь