ВИДЕО: Жалал-Абадда банкты тоногону кирген адам видеого түшүп калды

105

Жалал-Абад шаарында “Компаньон Банкынын” филиалын тоноого кирген адам кеңседеги видеобайкоого түшүп калган. Ал курал менен кирип, ичиндеги кароолчуну коркутуп кассаны көздөй жөнөгөн.

Бул учурда кассада отурган кыз өзүн дароо катып, сигнализацияны басып калууга жетишкен. Кыздын бул аракети бет капчан адамды чочутуп, ал качып ошол бойдон из жашырган. Банк кызматкерлери жана күзөтчү эч кандай жараат алган эмес. Натыйжада тоногону кирген адам банктан акча уурдай алган эмес.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталгандыгын облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя 25 – май күнү эртең мененки саат 8:20лар чамасында болгон. Учурда кылмышкерлер изделип жатат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь