Видео: Интервью алганы келген журналистти аткаминер ур-тепки менен бөлмөсүнөн чыгарды

269

Хакасиянын Ширин районунун башчысы, “Бирдиктүү Орусия” партиясынын мүчөсү Сергей Зайцев “Россия 24” каналынын кабарчысы Иван Литоминге кол салды. Журналист республикада 2015-жылы болгон өрттүн кесепеттери боюнча сюжет даярдап жүргөн. Видео телеканалдын сайтында жарыяланды.

Интервью учурунда кабарчы чиновниктен өрттөн жабыр тарткандар үчүн курулган үйлөрдүн начар абалы тууралуу сураган. Район башчысы Литоминдин микрафонун тартып алууга аракет жасаган, андан соң журналистти колдон кармап, жерге жыккан. Ал “Жогол бул жерден!” деп кыйкырган. Андан соң телеканалдын кызматкерлерин иш бөлмөсүнөн түртүп чыгарган.

“Бирдиктүү Орусия” журналисттен кечирим сурады жана районун башчысынын жоругун этика комитетинде кароого убада берди.

Орусиянын тергөө комитети бул окуя боюнча териштирүү жүргүзүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь