Белгилүү UFC уюмунун жеңил салмак боюнча чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун атасы Абдулманап Нурмагомедов менен күрөшкөн видеосу Instagram га жарыяланды.
Ата-бала машыгуу залында бирге күрөшүп машыгып жаткан. Видеону жүктөгөн Хабибдин машыктыруучусу: “ Хабиб дагы бир жолу аракет кылып көрөйүн деди. Бирок бул күрөштүн жыйынтыгы ачыктан белгилүү да, анткени Хабиб эң күчтүү атаандаш-өзүнүн атасы менен күрөшүп жатат“- деп жазган.