Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев жана Сузак районунун башчысы Жалал-Абад облустук телерадио компаниясынын журналисттерин сөгүп, нааразы болгон аудиосу тарады. Алар ЖТРК тарабынан жергиликтүү бийликтин иштерине сын пикир камтылган материалдарга ичи ачышып жаткандыгын байкаса болот.