“Замандаш” партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов бийлик бутактары жаңы кан, жаңы жүз жана жаңы жаш саясатчыларга муктаж экендигин айтып, 2020-жылы боло турган парламенттик шайлоого “Замандаш” саясий партиясы аттана тургандыгын Элдик Медианын “Элдик Талкуу” программасында билдирди.
“Шайлоого аттанат экен” деген сөздөр айтылаары менен бул партияны эл оозунда Раим миллион атанган Раим Матраимов каржылайт экен деген имиштер ээрчий баштады. “Замандаш” партиясы менен Раим Матраимовдун байланышы кандай?
Жеңиш Молдокматов: “Партиянын саясий иштери илгерилеген сайын ар кандай сөздөр ээрчийт экен. Мен Матраимовду жакындан жеке тааныбайм. Анын эч кандай “Замандаш” партиясына каржысы да жок жана анын тиешеси да жок.”