Кыргызстандык үчүн Японияда иштөөгө жол ачылды

Японияда Кыргызстандын 1000дей жаранына иш орун түзүү каралып жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматы билдирди.

Маалыматтарга караганда, 27-май күнү аталган мекеменин жетекчиси Болотбек Ибраимжановдун Фукая шаарынын мэри Кожим Сусуму менен жолугушуусу өткөн. Анда кыргызстандыктардын аталган шаарда ишке орношуу маселеси талкууланган.

Мындан тышкары, Эл аралык тил академиясынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр жүрүп, натыйжада кыргызстандыктарды окутуу боюнча келишимге кол коюлду. Билим алгандар шаардын мекемелеринде ишке орношо алат.

2019-жылы академия Кыргызстандын 40 жаранын кабыл алууга даяр.

Муну менен бирге Ибраимжанов шаардагы Wellness terrace деп аталган карылар үйүнө барып, ал жакта иштеген кыргызстандыктар менен жолукту.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь