24-майда УКМК ыкчам-издөө иштеринин негизинде мамлекеттик салык кызматынын Биринчи май райондук башкармалыгынын кызматкери О.М. пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма-сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кармалган жаран ыктыярдуу патентти кайра каттоо маселесин чечип берүү үчүн пара талап кылгандыгы аныкталды.
Учруда сотко чейинки өндүрүштүн материалдар топтолуп, кармалган адам УКМК тергөө кармоочу жайына киргизилди.