Мечиттен 12 килемди жана башка буюмдарды уурдаган шектүү кармалды

91

Сокулук районундагы Шалта айылында жайгашкан мечиттин өкүлү Сокулук районуна арыз менен кайрылган. Арызда белгисиз адам 21-апрелде мечиттин ичиндеги 12 килемди жана ар кандай курулуш материалдарын уурдап кеткендигин айтып, ага чара көрүүсүн өтүнгөн.

Аталган факты боюнча милиция кызматкерлери тарабынан тиешелүү иликтөө иштери жүргүзүлүп, Б.А. аттуу 20 жаштагы жаран кармалды. Анын буга чейин да уурулук, мал уурулук жана алдамчылык фактысы боюнча соттолгондугу аныкталган.

Сотко чейинки териштирүү иштеринде милиция кызматкерлери Б.А.нын ушул жылдын 7-майында Кызыл-Туу айыл аймагында катталган мал уурулукка да тиешеси бар экенин билишкен.

Кылмышкер уурдалган малды интернет айдыңында жарнама кылып сатууга аракеттенгенин мал ээлери байкап калышкан.

Кармалган жаран Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө амалдары жүрүп жатат.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь