Милиция издейт! Банкты тоноого аракет кылган кылмышкердин сүрөтү жарыяланды

86

Жалал-Абаддагы банкты тоноого аракет кылган кылмышкерди аныктоого милиция коомчулуктан көмөктөшүүнү суранат.

 

Буга чейин белгилүү болгондой, 25-майда  таңкы саат 8:20 чамасында «Компаньон Банкы» ЖАКтын Жалал-Абад шаарынын Ленин кѳчѳсүндѳ жайгашкан сактык кассасына болжол менен жашы 25-30 чамалардагы жаран белгисиз маркадагы тапанча менен кирип келип, сактык кассадан акча алуу максатында кол салган. Бул окуя банктын видео кѳзѳмѳлүнѳ түшүп калган. Белгилүү болгондой эч ким жабыр тарткан жок. Банктын мүлкү уурдалган эмес.

Кылмышкер окуя болгон жерден изин жашырууга үлгүргѳн. Окуя Жалал-Абад ШИИБнин КЖБРне «Каракчылык» болуп катталып, сотко чейинки ѳндүрүш иши ачылып, кечиктирилгис түрдѳ ыкчам иликтѳѳ иш-чаралары жүргүзүлүүдѳ.

Милиция коомчулуктан бул кылмышкерди тааныган жана жүргѳн жери боюнча кандайдыр бир маалыматтар болсо, «102» же тѳмѳнкү телефондорго кабарлап коюунуздарды суранат. Анонимдүүлүккѳ кепилдик берилет.

(тел. 0555 10-23-05; 0553 78-00-78)

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь