Орусиянын Приморье аймагында жол кырсыгынан 19 турист жабыркап, эки турист каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары билдирди.
Маалыматка караганда, Кытайдан келген 48 туристти тартып бараткан автобустун айдоочусу өзүн жаман сезип, унааны башкара албай калып, кырсыкка учураган.
«6 адам оор абалда, калгандары жеңил жана орто жаракат алышкан»,- деп жазылат маалыматта.