Президент: Аскер кызматчыларын турак жай менен камсыз кылуу менин жеке көзөмөлүмдө

126

«Чек араны коргоодон өтөөр ыйык милдет жок», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-майда, КР Куралдуу Күчтөрүнүн 27 жылдыгына жана КР Мамлекеттик чек ара кызматынын 20 жылдыгына арналган салтанатта.

” Чет өлкөдөн келген коноктордун, туристтердин биздин өлкө жөнүндөгү ой-пикири, биринчи кезекте, чек арачылар аркылуу жаралат. Алардын сапаттуу жана сабаттуу иши — өлкөбүздүн имиджин жакшырат. Сиздер Мекен алдындагы ыйык парзды татыктуу аткаруу менен элибиздин бейкут жашоосуна, тынчтыгына, жерибиздин бүтүндүгүнө, чек арабыздын бекемдигине зор салым кошуп жатасыздар. 
Сиздер өмүрүңүздөрдү, тагдырыңыздарды ушул ыйык милдетке арнадыӊыздар.

Ошондой эле мамлекет башчы чек арачылар үчүн турак-жай куруу анын жеке көзөмөлүндө экендигин белгиледи.

Акыркы бир жарым жылда Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчылары үчүн 267 батирлүү 9 турак жай курулган. Мунун ичинде Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматчылары үчүн, ушул эле мезгилде курулган 96 батирлүү 4 үй бар. Азыркы учурда аскер кызматчыларын турак жай менен камсыз кылуу улантылып жатат жана менин жеке көзөмөлүмдө турат.Ушул жылы Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматчылары үчүн 379 батирлүү 6 үйдүн курулушу жүрүп жатат. Анын ичинде Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматчылары үчүн 88 батирлүү 4 үй курулууда.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь