Президент Сооронбай Жээнбеков Нур-Султан шаарына учуп келди (сүрөт)

302

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-майда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕАБ) мааракелик жыйынына катышуу үчүн эки күндүк иш сапары менен  Нур-Султан шаарына учуп келди.

Мамлекет башчысын Нур-Султан шаарындагы эл аралык аэропортунан Казакстандын улуттук экономика министри  Руслан Даленов, Нур-Султан шаарынын акиминин орун басары Ерлан Каналимов,  Тышкы иштер министринин орун басары Ермек Кошербаев жана Кыргызстандын Казакстандагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси Жээнбек Кулубаев тосуп алышты.

ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн мамлекеттик желектери илинип, ардактуу кароол тизилген.

Жогорку Евразиялык  экономикалык кеңештин жыйыны чакан жана кеңири курамда өтөт, жыйындын жүрүшүндө эл аралык ишмердүүлүккө, санариптик күн тартип, жалпы электр энергетикалык рынокту түзүү жана ЕАЭБ алкагында мындан аркы интеграциялоого тийиштүү 20дай документти талкуулоо жана кабыл алуу пландалууда. Мындан тышкары,  Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев жана Казакстандын биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү жана эки тараптуу мамилелер боюнча маселелердин бардык багыттарын талкуулоо пландаштырылууда.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь