Премьер-министр Матраимовдун маселесин козгоду

125

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Бакир Таировду кабыл алды.

Өкмөт башчы экономикалык жана кызматтык укук бузуулар деңгээлин төмөндөтүү иштерин күчөтүүнү, экономикалык кылмыштарга өбөлгө болгон себептерди жана шарттарды четтетүүнү тапшырды.

Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиев бажы органдарында коррупцияга каршы аракеттерге, аткезчилик жана көмүскө импорт менен күрөштү күчөтүү чараларына өзгөчө көңүл бурду.

Премьер-министр ошондой эле Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовдун мүлкүн текшерүү маселесин козгоду жана текшерүү процессин тездетип, коомчулукка объективдүү жана толук маалымат берүүнү тапшырды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь