Даниялык Нилз Молбаек Таиланддын секс туризм менен атагы чыккан Паттайя шаарына барып, сойкулардын бирин жактырып калып, акыры ага баш кошкон.
“24 жыл мурун муну ойлогон жок дейсиңби?! Жөн гана сүйүп калдым“,-дейт ал.
Андан бери арадан жыйырма жылдан ашуун убакыт өттү. Азыр Нилз менен Соммай Таиланддан 9 миң чакырым алыстыкта – Даниянын түндүк-батыш тарабында жашайт. Бул чакан аймактын тургундары Таиланддын маданиятына көнүп калды. Ишемби күнү даниялыктар чогулуп, бирге тамактанганда дасторконго тайлардын улуттук даамдары коюлат. Ал тургай эркектер менен аялдар өзүнчө бөлүнүп олтуруп, тамактанышат.
Соммай өзү багып чоңойткон эки сиңдиси жана жакын достору менен бирге олтурат. Булардын баары даниялык жигиттерге турмушка чыгып, Таиланддан келе беришкен.
Соммай жергиликтүү гезиттерге таиланддык кыздар тууралуу маалымат жазып, даниялык эркектерге алыскы өлкөнүн салт-санаасын түшүндүрүп келген.
Соммай Даниянын Тхи провинциясына көчүп келгенде, бул жерде бир дагы таиланддык жок эле. Арадан жылдар өтүп, азыр эми бул аймакта миңден ашуун таиланддык келиндер пайда болгон.
Данияда азыркы учурда Таиланддан жер которуп келген 12,625 киши бар. Алардын 10,494ү аял.
Канча даниялык эркек сиздин жардамыңыз менен өз теңин тапты?,-деген суроого, Соммай “санабай деле калдым” деп күлүп жооп берди.
Кызыгы, Данияга жер которгон таиланддык келиндер тууралуу документалдык тасма тартылып, Торонтодогу эл аралык фестивалда көрсөтүлдү. Тасманын негизги каарманы – Соммай.
Сойкуга ашык болгон жигит
“Сени кайра көрбөсөм жүрөгүм жарылат. Катуу сагындым…Данияга келип, мени менен жашап, өлкөдөгү турмушту көрүп кетсең болот“,-деп жазат Нилз 1991-жылы жазган катында. Аны Паттайядан кеткенден тогуз айдан кийин жазган.
66 жашка чыккан Соммай абдан ачык, меймандос. Бат эле тил табышып алса болот.
Документалдык тасма тууралуу сураганыбызда ал: “Чет өлкөлүктөр бизди акчаны көздөп келди деп ойлойт. Бирок чынында андай эмес. Таиланддан келген аялдар иштегени келет, катуу эмгектенет. Турмуш жомок эмес, татаал болот”,-деп жооп берди.
Соммай Данияга жаңы келген өзүнүн сиңдисин эстеди. Ал күйөөсү менен сөздүк аркылуу гана сүйлөшө алчу:
-Канча илгич керек?
-Беш!
-Жалгыз болгуң келип жатабы?
-Макул.
Документалдык тасманын режиссерлору Пламбех менен Мэтц Данияга жер которгон таиланддык келиндерди он жыл бою артынан жүрүп тарткан.
Соммайдын сиңдисин мурда таиланддык кызга үйлөнүп, кийин ажырашып кеткен даниялык алган экен. Анын биринчи аялы Паттайяда сойку болуп иштеген. Данияга келгенден кийин Таиландда жакырчылыкта жашаган үй-бүлөмдү багышым керек деп, артка кайтыптыр.
Соммай алгач ирет даниялык менен жердешин тааныштыргандан бери 25 жылга аяк басты. Ал кыз айылдашы эле. Анын Таиланддагы биринчи күйөөсү кол көтөрүп, жүзүнөн көк-ала так кетчү эмес экен. Кийин Данияга келе берген.
“Ошентип мындай көрүнүш улана берди, жакын туугандарыма жардам бердим. Таиланддагы мурдагы күйөөмдүн карындашын алып келдим. Андан кийин бул жерге келгендер дагы жакындарын даниялык эркектерге тааныштыра баштады. Азыр болсо көбөйдүк”,-дейт Соммай.
Соммай жергиликтүү гезиттерге макала жазат. Данияга тай кыздар келгенде, аларды тосуп алып, үйүнө алып келет. Даниялыктар үчүн Соммайдын үйү таиланддык кыздар менен таанышкан жай болуп калган. Эгерде бири-бирин жактырып калса, албетте, үйлөнүшөт.
“Бул үчүн мен акча сураган эмесмин. Жардам бергениме кубанам. Бул кыздар кийин мекениндеги жакырчылыкта жашаган үй-бүлөсүнө жардам берет. Ошентип Таиландда эч нерсеси жок, жада калса үмүтү дагы өчкөн кыздар мынтип үй-бүлөсүнө кам көрүп калышат”.
Тай коомунда чет өлкөлүктөргө турмушка чыккан кыздарга карата терс көз караш бар. Алар акчаны көздөп турмушка чыкты деп, катуу жеришет. Бирок документалдык тасмада Даниядагы таиланддык кыздар эртеден кечке иштеп жүргөнүн көрүүгө болот.
Бир көрүп сүйүп калууга мүмкүнбү?
“Сүйүү дегенди түшүндүрө албайм. Биздин ортобуздагы сүйүү жалындаган жаштардыкындай эмес, башкача эле. Бири-бирибизге жипсиз байланганбыз, экөөбүз бири-бирибизге кам көрөбүз. Кыскасы башкача сүйүү”,-дейт Соммай.
Бирок турмушта бары эле жомоктой боло бербейт эмеспи. Документалдык тасманы тартка режиссерлор иликтөө жүргүзүп, 1999-жылдан бери 253 даниялык эркек таиланддык кызга үйлөнгөнүн аныктаган. Тилекке каршы алардын 60-65 пайызы ажырашуу менен бүткөн.
Жакырчылык
Чет өлкөлүк жаранга күйөөгө чыккан кыз-келиндер (бир гана Таиланддан эмес) көбүнчө экономикалык жагдайдан улам ушундай кадамга барат. Албетте, Соммай Данияга көчүп келгенден бери турмушу оңолду.
Таиландда Соммай 10 баланы жалгыз багып, өзүнүн сиңдилерине дагы каралашчу. Соммайдын атасы кечил болууну тандап, балдарына храмдан тамак уурдап жатканда кармалган экен. Атасы камалгандан кийин Соммай жан багуу айласы менен Паттайяга барып, сойку болуп иштөөгө аргасыз болгон.
“Мен бул шаарга барганда кандай иш кыларымда жакшы билгем, бирок үй-бүлөмдү багышым керек эле”,-дейт ал.
Канча тай кыз чет өлкөлүк жаранга турмушка чыкканы белгисиз. Бул тренд АКШ Вьетнамга аскерлерин жөнөткөндө башталган. Вашингтон Таиландда аскердик базаларын жайгаштырган болчу. Америкалык жоокерлер келгенде секс индустриясы кеңири жайылган экен.
Албетте, кийин таиланддык кыздар башка жолдор менен дагы чет өлкөлүк жигиттер менен тааныша баштады.
Ааламдашуу доорунда бул эми көнүмүш эле абал болуп калды. Таиланддык кыздардын көбү экономикалык каатчылыктан улам Соммай сыяктуу тагдыр менен эле Данияга жер которгон.
“Эгерде иш болсо, саламаттыкты сактоо системасы ойдогудай болсо эч ким үй-бүлөсүнөн алыс кеткиси келмек эмес. Таиландда жакшы, ачкадан өлүп жаткан эч ким жок, бирок абал жакшы тарапка өзгөрбөй турат. Муундан муунга улана берет”,-дейт Соммай.
Булак:Би-Би-Си кыргыз кызматы