Президент Сооронбай Жээнбеков Нур-Султан шаарында (Казакстан) 28-29-май күндөрү өтө турчу Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешменин мааракесине катышуу үчүн учуп кетти.
Белгилүү болгондой, жыйындын жүрүшүндө эл аралык ишмердүүлүк, санариптик күн тартип, бирдиктүү электроэкономикалык рынок түзүү жана ЕАЭБдин алкагында интеграциялашуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, 20га жакын документти кабыл алуу пландалууда.
Ошондой эле иш сапардын жүрүшүндө Жээнбеков Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев жана Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүсү пландалган. Маалыматка ылайык, тараптар эки тараптуу кызматташуунун баардык чөйрөлөрүн талкуулашат.
Делегациянын курамы:
– тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков;
– КРнын президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков;
– КРнын Казакстандагы элчиси Жээнбек Кулубаев;
– вице-премьер-министр Жеңиш Разаков;
– каржы министри Бактыгүл Жеенбаева;
– мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбеков.