2018-жылдын 21-сентябрь күнү Таш-Кѳмүр шаарынын тургуну 1983-ж.т. Т.И. менен интернет булактары аркылуу ѳзүн «Расулов Русланмын» деп тааныштырып, аны менен жолугушуп, Бишкек шаарында «Мамкаттоо» ишканасында иштеймин деп алдап, анын ишеничине кирген.
Кийин Бишкек шаарынын белгисиз жериндеги участокторду уюлдук телефондон кѳрсѳтүп, аны менен оозеки келишим түзүп, жок жерди жалпы баасы 300 миң сомго баалашкан.
21.09.2018-жылы Кыргызстан банкы аркылуу 1500 АКШ долларын, арадан үч күн ѳтүп 105 миң сом акчасын, тѳрт күн ѳтүп 80 миң рубль акчасын белгисиз таксилер аркылуу алдырып алган. Натыйжада жалпы 288 215 сом акчаны ѳз кызыкчылыгына иштетип жиберип, изин жашырып качып кеткен.
Бул факты «Алдамчылык» беренси менен Таш-Кѳмүр ШИИБне катталган. Криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгѳн иш-аракеттеринин натыйжасында, 20-май күнү Бишкек шаарынан шектүү катары Ѳзгѳн районунун тургуну 39 жаштагы Исаков Шермурат кармалып, Таш-Кѳмүр ШИИБнин тергѳѳ кызматына ѳткѳрүлүп берилип, андан соң убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Кармалган адам мурда соттолуп, издөөдө жүргөндүгү аныкталды.