Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламенти боюнча комитети Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына Дастан Догоевдин талапкерлигин жактырды. Мындай чечимди комитет бүгүн кабыл алган.
Ошондой эле Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчилик кызматына коомдук ишмер Эдил Байсаловдун талапкерлигин колдоп берди. Мындан тышкары Кыргызстандын Белорусиядагы элчилигине Эрмек Ибраимовду дагы жактырышты.