Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын, Россиянын, Белорусиянын президенттерин “Казакстан Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” буйругуна кол койду. Бул тууралуу Акорда сайты кабарлады.
Ага ылайык, Сооронбай Жээнбеков «Қазақстан Республикасынын алгачкы президенти — Элбашы Нурсултан Назарбаев» ордени менен сыйланат. Сыйлык Евразиялык интеграциянын 25 жылдыгын белгилөө жана Евразиялык экономикалык биримдик келишимине кол коюунун 5 жылдыгынын урматына, ошондой эле, казак өлкөсү менен мамилени тереңдетүү жана өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыйгарыларын кабарлайт аталган сайт.
Ошондой эле, аталган сыйлык Владимир Путин менен Александр Лукашенкого да берилет.