УКМК: “Атамбаевдин жансакчыларынын саны мурдагыдай эле” 

478
УКМК мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеевдин камалышы боюнча маалымат таратып, «мурдагы мамлекет башчы кайтаруусуз калды» деген сөздөрдү четке какты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта: «“Мамлекеттик кайтаруу жөнүндө” мыйзамга ылайык, президентке, экс-президентке, парламенттин төрагасына, өкмөт башчыга, Жогорку соттун төрагасына, Жогорку Кеңештин депутатынын өмүрүнө коркунуч жаралган учурда жана чет мамлекеттен жогорку кызмат адамдары келген учурда жансакчы берилет», деп жазылат. Ошондой эле УКМК экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчыларынын саны мурдагыдай эле кала берээрин кабарлаган.
Буга чейин Асел Кодуранова жетекчилик кылган Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын  айрым мүчөлөрү «бийлик Дамир Мусакеевди камоо менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин коопсуздугуна шек жаратууда» деп айтып чыгышкан.

Комментарии

  1. He Makes Money Online WITHOUT Traffic!

    Most people believe that you need traffic to profit online…
    And for the most part, they’re right!
    Fact is.. 99.99% of methods require you to have traffic.
    And that in itself is the problem..
    Because frankly, getting traffic is a pain in the rear!
    Don’t you agree?
    That’s why I was excited when a good friend told me that he was profiting, but with ZERO traffic.
    I didn’t believe him at first…
    But after he showed me the proof, it’s certainly the real deal!
    I’m curious what your thoughts are.
    Click here to take a look >> https://bit.ly/3mOAfVp
    Please view it before it’s taken down.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь