Улуу Британиянын борбору Лондондогу сынакта Ат-Башы айылынын барган балы алтын медаль алды.
Алып баргандардын айтуусу боюнча, кыргыздын балы экологиялык жактан тазалыгы жана өзгөчө даамы үчүн бааланган.
Эскерте кетсек, “London International Honey Awards” сынагынын медалы мыктыларды аныктоодо маңыздуулугу жагынан экинчи орунда турат. Ал эми биринчи орунга болсо платина медалы ыйгарылат.